Бишкекте муниципалдык менчиктеги 106 транспорт каражатын сатуу боюнча аукцион өтөт
17 сентябрь

Бишкекте муниципалдык менчиктеги 106 транспорт каражатын сатуу боюнча аукцион өтөт

Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарын сатуу боюнча ачык аукцион өтөрүн эскертет.

Ачык соода 2026-жылдын 24-сентябрында саат 10:00дө Бишкек шаары, Чүй проспектиси, 168 дарегинде өтөт. Аукционго жалпы 106 лот коюлат.

Аукционго катышуу үчүн арыздар 2026-жылдын 18-сентябрына чейин Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгында, Чүй проспектиси, 168 дареги боюнча кабыл алынат.

Катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:

- тандалган лоттун номери көрсөтүлгөн жазуу жүзүндөгү арыз;
- өздүгүн тастыктаган документ;
- кепилдик төгүмү төлөнгөнүн ырастаган төлөм документи.

Кепилдик төгүмүнүн өлчөмү лоттун баштапкы баасынын 10 пайызын түзөт.