Бишкектин Бишкектин Улан-2 кичирайонунда мушташтан кийин эки жаран кармалды
КР ИИМ
13 август

Бишкектин Бишкектин Улан-2 кичирайонунда мушташтан кийин эки жаран кармалды

Бишкектин Улан-2 кичирайонунда мушташтан кийин эки адам кармалды.

Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, милиция кызматкерлери социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда белгисиз адамдар мушташып, коомдук тартипти бузуп жаткан видеону аныкташкан.

Бул факт каттоого алынып, текшерүү иштери башталган.

Милиция кызматкерлери окуяга катышкан адамдардын өздүгүн аныкташкан. Алар 1987 жана 1969-жылы туулган эркектер болуп чыкты. Экөө тең райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген.

Текшерүүнүн жыйынтыгында аларга Кыргызстандын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси — майда бейбаштык боюнча протокол түзүлгөн.

Эркектер кармалып, Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.