Бүгүнкү күндө Кыргызстанга келген туристтердин саны 13 миллионго жетти
Эгер 2020-2021-жылга чейин Кыргызстанга 2-3 миллион турист келип жүргөн болсо, бүгүн туристтердин саны 13 миллионго жетти. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.
Анын маалыматына караганда, бул деген экономиканын өскөнүн, өлкөбүздүн аты дүйнөгө дүңгүрөп аткандыгын, туристтерди өзүнө тартып жатканын билдирет.
"Биз 7 миллион эле калкпыз. Эки эсе көп турист келди деген сөз, ИДПнын өсүшүнө 4-5 пайыз кошумча болду деген сөз. Дүйнө өлкөлөрү өздөрүнүн мамлекетине туристерди чакырып, жарнама кылыш үчүн миллиарддаган каражат колдонушат. Бизге болсо туристтер өздөрү агылып келип жатканына сүйүнүшүбүз керек.
Аларды жакшылап тосуп алышыбыз керек. Себеби ар бир турист ИДПга салым кошот. Бул деген сөз ар бир турист ар бир Кыргызстандыктын жакшы жашоосуна салым кошуп кетти деген сөз. Ошондуктан ар бир туристке кылдат, сый мамиле жасаңыздар. Кен байлыктарыбыз бир кезде түгөнөт. Туризм түбөлүк калат. Келечекте өлкөбүздү туризм багат. Ар бир кыргызстандык курулушта иштегиңер келбесе дагы туристерди тосуп гид болуп иштегиле. Туризмди өнүктүрүүгө азыртадан салымыңарды кошкула", – деди ал.
