Саламаттык сактоо министрлиги 2025-жылдын жыйынтыгын чыгарып, 2026-жылга карата милдеттерди белгиледи
28 январь

Саламаттык сактоо министрлиги 2025-жылдын жыйынтыгын чыгарып, 2026-жылга карата милдеттерди белгиледи

2026-жылдын 28-январында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде министр Каныбек Досмамбетовдун төрагалыгы алдында 2025-жылдагы саламаттык сактоо тутумунун ишинин жыйынтыгын чыгаруу жана 2026-жылга карата артыкчылыктарды аныктоо боюнча жыйынтыктоочу коллегия болуп өттү.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар жана социалдык маселелер боюнча комитеттин төрайымы Гулсункан Жунушалиева, Жогорку Кеңештин депутаты, социалдык комитеттин төрайымынын орун басары Гулнара Баатырова, саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери, эксперттик жана академиялык коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Коллегиянын жүрүшүндө Саламаттык сактоо министрлигинин 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары боюнча баяндама жасалды. Анын ичинде мамлекеттик программаларды ишке ашыруу, кадрдык потенциалды өнүктүрүү, каржылоо, инфраструктураны модернизациялоо, санариптештирүү, нормативдик-укуктук жөнгө салуу жана эл аралык өнөктөштөр менен кызматташуу маселелери камтылды. Катышуучулар баштапкы медициналык-санитардык жардамды өркүндөтүү, региондорду кадрлар менен камсыз кылуу, медициналык жардамдын сапаты, санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук жана калкты дары-дармек менен камсыз кылуу маселелерин талкуулашты.

Жыйынтыгында министр Каныбек Досмамбетов 2025-жыл саламаттык сактоо системасы үчүн оң жыйынтыктар менен катар олуттуу чакырыктарды да көрсөтүп бергенин белгиледи. Ал саламаттык сактоо мамлекеттик саясаттын стратегиялык артыкчылыгы бойдон каларын жана тармактын туруктуу өнүгүүсү башкарууга, оорулардын алдын алууга жана кадрдык камсыздоого болгон ыкмаларды жаңылоону талап кыларын баса белгиледи.

Коллегияда 2025-жылы республикада ымыркайлар өлүмү азайганы айтылды. Көрсөткүч 1000 тирүү төрөлгөнгө 13,5ти түзүп, мурунку жылга салыштырмалуу 4,2 %га төмөндөгөн. Ошол эле учурда ымыркайлар өлүмүнүн себептеринин түзүмү өзгөрүүсүз калган: биринчи орунда перинаталдык мезгилдеги оорулар – 65,7 % (1224 бала), экинчи орунда тубаса өнүгүү кемтиктери – 15,5 % (289 бала), үчүнчү орунда дем алуу органдарынын оорулары – 8,2 % (152 бала). Ошол эле маалда жугуштуу жана паразитардык оорулар боюнча 28,1 пайыздык өсүш катталган.

Муну менен катар энелер өлүмүнүн өсүшү да белгиленди. 2025-жылы 48 учур катталган (100 000 тирүү төрөлгөнгө 34,8), бул мурунку жылга салыштырмалуу 35,4 %га жогору (2024-жылы 36 учур же 25,7). Министрдин айтымында, энелердин жана балдардын өлүмү саламаттык сактоо системасынын абалын чагылдырган маанилүү көрсөткүчтөр болуп саналат жана аялдар менен жаңы төрөлгөн ымыркайлардын өмүрүн сактоо артыкчылыктуу багыт болушу керек.

Министр энелер өлүмүнүн өсүшүн «башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу үчүн олуттуу белги» деп атап, бир жуманын ичинде тийиштүү чаралардын комплексин иштеп чыгууну тапшырды. Ал антенаталдык көзөмөлдүн стандарттарын сапатка басым жасоо менен кайра карап чыгуу, алгачкы звено менен стационарлардын санариптик байланышын күчөтүү, ошондой эле өзгөчө тобокелдик тобундагы кош бойлуу аялдарды так маршрутизациялоо зарылдыгын белгиледи. Телемедициналык кеңеш берүүлөрдү кеңейтүү жана пренаталдык скринингди киргизүү тапшырылды. «Оорулардын алдын алуу, өз убагында ооруканага жаткыруу жана квалификациялуу жардамга жеткиликтүүлүк артыкчылык болушу керек», – деп баса белгиледи министр.

Баяндамадан кийин министр саламаттык сактоо системасы инфраструктуранын эскириши, башкаруунун ашыкча жүктөлүшү жана кадрлардын агылып кетиши сыяктуу көйгөйлөргө туш болуп жатканын, бирок олуттуу кесиптик потенциалга ээ экенин белгиледи. Анын айтымында, стратегиялык максат — оорулардын алдын алууга, клиникалык башкарууга жана жыйынтык үчүн жоопкерчиликке негизделген башкарылуучу, заманбап жана туруктуу саламаттык сактоо системасын түзүү. Тармак көйгөйлөргө жооп кайтаруудан алардын алдын алууга өтүшү керек, система борбордо да, региондордо да бирдей натыйжалуу иштеши зарыл.

Өзүнчө кадр маселелерине токтолгон министр кадрдык потенциалды күчөтүү үчүн көрүлүп жаткан чараларды белгиледи: эмгек акыны жогорулатуу, турак жай менен камсыз кылуу шарттарын түзүү, региондордогу дарыгерлерди колдоо, эл аралык даярдоо программаларын өнүктүрүү жана чет өлкөдө иштеп жүргөн адистерди кайтаруу мүмкүнчүлүктөрүн ачуу. Министр бул өзгөрүүлөр Кыргыз Республикасынын Президенти, урматтуу Садыр Нургожоевич Жапаровдун жеке көңүл буруусу жана ар тараптуу колдоосу менен мүмкүн болгонун белгилеп, ал саламаттык сактоо тармагында системалуу реформаны ишке ашыруу милдетин койгонун айтты.

Коллегиянын жыйынтыгында Саламаттык сактоо министрлиги 2026-жылга карата иштин артыкчылыктарын аныктады. Министр саламаттык сактоо системасын модернизациялоонун негизги багыттарын белгиледи: медициналык инфраструктураны жаңылоо, калкты жеткиликтүү жана сапаттуу дары-дармектер, медициналык буюмдар жана заманбап жабдуулар менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу, ошондой эле кадрдык потенциалды бекемдөө.

2026-жылдагы негизги милдеттердин катарына энелер жана ымыркайлар өлүмүн азайтуу, онкологиялык ооруларды дарылоо программасын кайра карап чыгуу (дарт аныктоо жана дары-дармек терапиясынын жеткиликтүүлүгүнө басым жасоо), ошондой эле жүрөк-кан тамыр ооруларынан өлүмдү кыскартуу үчүн баштапкы медициналык-санитардык жардамды күчөтүү жана профилактиканы кеңейтүү кирет.

Министр профилактика ооруларды дарылоодон – дени сак коомду калыптандырууга өтүүнү билдириши керек экенин белгиледи. Бул эрте аныктоо менен гана чектелбестен, сергек жашоо образын жайылтуу, тобокелдик факторлорун алдын алуу жана жарандардын өз саламаттыгына болгон жоопкерчилигин жогорулатуу экенин айтты. Ошондой эле эмдөөнү балдарды башкарылуучу жугуштуу оорулардан коргоонун эң маанилүү чарасы катары белгилеп, калктын иммунопрофилактикага болгон ишенимин бекемдөө жана эмдөөнүн сапатын жогорулатуу зарылдыгын баса белгиледи. «Эмдөө — бул баланын жана келечек муундардын саламаттыгына кошулган салым», – деди министр.

Министр ошондой эле онкология жана жүрөк-кан тамыр оорулары профилактикадан жана скринингден тартып адистештирилген жардамга жана реабилитацияга чейин бардык этаптарда системалуу мамилени талап кыларын белгиледи. Мындан тышкары, 2026-жылга карата пландарда жаңы мамлекеттик лабораториялык кызматты киргизүү, клиникалык протоколдорду жаңылоо, сапатты көзөмөлдөөнү жана каржылык тартипти өркүндөтүү, ошондой эле процесстердин ачыктыгын жана системаны натыйжалуу башкарууну камсыз кылган санариптик чечимдерди өнүктүрүү каралган.