Нурбек Сыдыгалиев губернаторлорду “мамлекетке керексиз чиновниктер” деп баалады
Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитеттин жыйынында депутат Нурбек Сыдыгалиев президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн жоюп салууну сунуштады.
Комитет айыл өкмөт башчылыгына жергиликтүү тургун шайлана албайт деген мыйзам нормасын алып салуу боюнча мыйзам долбоорун талкуулады.
Нурбек Сыдыгалиев бул норманы акимдерге карата да алып салуу зарылчылыгын белгиледи.
“Акимдер деле башка жактан келишет. 3 жыл мөөнөтүн эптеп бүтүп, анан башка жакка кетүүгө аракет кылышат”, – деди ал.
Кудайберген Базарбаевдин айтымында, мэр жана акимдерге карата жергиликтүү тургундар шайлана албайт деген норма өзгөртүлбөйт.
Сыдыгалиев Кыргызстандын 7 облусунда 40 район жана 231 айыл өкмөтү бардыгын белгилеп, ушулар менен гана түзмө түз иштешүү аркылуу Министрлер Кабинети аймактарды өнүктүрө алаарын айтты.
“Губернаторлор эмне иш кылып жатышат? Негизи алардын кереги деле жок. Менимче, алардын баарын жоюш керек”, – деди ал.
