3-августтан тарта Бишкек — Үрүмчү түз каттамы ачылат
Ушул жылдын 3-августунан тартып кыргызстандыктар Бишкектен Кытайдын Үрүмчү шаарына түз авиакаттамдар аркылуу уча алат.
Жаңы багытты «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы ишке киргизет.
Каттамдар заманбап Airbus A320 учактары менен аткарылат.
Жаңы багыттын ачылышына байланыштуу август жана сентябрь айларында жүргүнчүлөр үчүн атайын шарттар каралган. Анын алкагында салондогу орунду (авариялык чыгуу эшиктеринин жанындагы орундардан тышкары) акысыз тандоо мүмкүнчүлүгү берилет. Ошондой эле акысыз жүктүн көлөмү 40 килограммга чейин көбөйтүлүп, кол жүгүнүн нормасы 7 килограммды түзөт.
Каттамдар тууралуу кеңири маалыматты авиакомпаниянын расмий сайтынан, ошондой эле авиакассалардан жана билет сатуу агенттиктеринен алууга болот.
