Жээнбек Кулубаев Эл аралык Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай коомдорунун федерациясынын Президенти менен жолукту
16 июнь

Жээнбек Кулубаев Эл аралык Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай коомдорунун федерациясынын Президенти менен жолукту

2026-жылдын 16-июнунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Эл аралык Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай коомдорунун федерациясынын (ЭКККЖАФ) Президенти Кейт Форбс менен жолугушту.

Анын жүрүшүндө тараптар кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечектеги багыттарын талкуулап, өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты жогорулатуу, кырсыктардын тобокелдиктерин азайтуу жана ыктыярчылар кыймылын өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Министр Ж.Кулубаев Бишкекте жайгашкан ЭКККЖАФтын Борбордук Азия боюнча Регионалдык кеңсесинин ишмердүүлүгүнүн маанисин белгилеп, Федерацияга Кыргызстанда жана аймакта тиешелүү демилгелерди колдогону үчүн ыраазычылык билдирди.

Талкуунун өзүнчө темасы катары Ыктыярчылардын эл аралык жылына даярдык көрүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай коомунун 100 жылдыгын белгилөө алкагындагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү маселелери каралды.

Мындан тышкары, маектештер климаттык күн тартиби, анын ичинде тоолуу өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын эл аралык аренада илгерилетүү маселелери боюнча пикир алмашышты. Ушул өңүттө, Ж.Кулубаев К.Форбсту 2027-жылы Кыргызстанда өтө турган “Бишкек+25” Экинчи Глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен ЭКККЖАФтын ортосундагы өнөктөштүктү чыңдоого жана практикалык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.