Кара-Кулжада 24 жаштагы аял асынып алган
Сүрөт ачык булактардан алынды
21 июль

Кара-Кулжада 24 жаштагы аял асынып алган

Кара-Кулжа районунда 24 жаштагы аял асынган абалда табылды. Маалыматты 21-июлда Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы ырастады.

Билдирүүдө айтылгандай, сөөк 18-июлда маркум жашаган үйдүн короосундагы мал сарайдан табылган.

Окуя боюнча күбөлөр суралып, жансыз денеге сырттан кароо жүргүзүлгөн.

Маркумдун өлүмүнүн так себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Топтолгон материалдын жана дайындалган экспертизанын корутундусунун негизинде мыйзамдуу чечим кабыл алынат.

Учурда текшерүү иштери уланууда.