III Парламенттер аралык форумдун жыйынтыгында Бишкек декларациясы кабыл алынды
23 сентябрь

III Парламенттер аралык форумдун жыйынтыгында Бишкек декларациясы кабыл алынды

Бүгүн, 23-сентябрда Бишкекте “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан Борбордун Азия мамлекеттеринин III Парламенттер аралык форумунун жыйынтыгында Бишкек декларациясы кабыл алынды.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу форумда айтылган ар бир сунуш маанилүү экенин белгилеген

“Биз биргелешкен аракет менен чөлкөмдөгү туруктуулукту камсыздоого жана коңшулаш жашаган беш мамлекеттин өнүгүүсүнө өз салымыбызды кошуу боюнча пикир алмаштык. Көтөрүлгөн ар бир маселе эске алынып, Бишкек декларациясында камтылды. Бул декларация Борбордук Азиядагы мамлекеттердин парламенттеринин ортосундагы диалогду кеңейтип, аймактык өнүгүүнүн башкы жол картасы болоруна терең ишенем”, – деди.

Ошондой эле декларацияны колдоого алган парламент жетекчилерине ыраазычылыгын билдирген төрага форум өз максатына жеткенин кошумчалады.