ЖК 7-чакырылыштын таратыла турган датасын координациялык кеңеш аныктайт
23 сентябрь

ЖК 7-чакырылыштын таратыла турган датасын координациялык кеңеш аныктайт

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышын өзүн өзү таратуу боюнча демилгени конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети колдоого алды. 

Аталган комитеттин төрайымы Чолпон Султанбекованын айтымында, так датасы координациялык кеңеш тарабынан айтылат. 

Эске салсак, демилгени көтөрүүгө 32 депутат кошулган. 

Конституцияга ылайык, 7-чакырылыштын мөөнөтү 2026-жылдын ноябрь айында аяктамак.