КР УКМК: коррупция фактысы боюнча подряддык уюмдун директору кармалды
КР УКМК тарабынан, Кара-Балта шаарындагы парктарды көрктөндүрүүгө, ошондой эле суу менен камсыздоо жана канализация тутумдарын оңдоого бөлүнгөн 1 млрд сомдун өздөштүрүлүүсү боюнча текшерүүнүн жүрүшүндө, иш аткаруучу «Г.Т.И.» ЖЧКнын башкы директору «А.Н.А.» тарабынан, аткарылган жумуштардын жана курулуш-монтаждоо иштеринин бааларын жалпы көлөмү 27,2 млн сомго жасалма негизде жогорулаткандыгы аныкталды.
Аталган ишкананын жетекчиси «А.Н.А.»га карата КР КЖК 336-беренесинин 1-бөлүгүндө (коррупция) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, ал КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
КР УКМК мамлекеттик долбоорлорду ишке ашырууда мыйзамдуулукту жана ачык-айкындуулукту камсыздоо боюнча иштерди улантууда.
