Кара-Жыгачта курулушта үч жаран каза болду, жооптуу адамдар кармалды
Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач айылында курулушта үч адам каза болду, аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, жооптуу адамдар кармалды.
Чүй облустук милициясынан кабарлашкандай, кырсык 22-сентябрда күндүз болгон.
«НБ» ЖЧК объектисинин аймагында жүргүзүлүп жаткан курулуш иштери маалында жабдык кулап, курулушу жүрүп жаткан имаратты басып калган. Анын ичинде иштеп жаткан үч адам болгон.
Жооптуу делип кармалган 1979-жылы туулган А.А., 1990-жылы туулган И.И., жана 1990-жылы туулган Л.В., убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда иликтөө иштери уланууда.
