Бир кылмыш менен кайра-кайра кармалгандарга жоопкерчиликти күчөтүү сунушталууда
Буга чейин Кыргызстанда Кылмыш-жаза кодексиндеги гумандуулукка ылайык, айрым жеңил кылмыш жасагандар жумшак жоопкерчиликке тартылып келген. Бир кылмышты кайра-кайра жасагандар дагы айыппул менен бошотулган.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду. Анда ИИМ КР Кылмыш жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө багытталган мыйзам долбоорун сунуштады.
ИИМ министринин орун басары Эркебек Аширходжаевдин айтымында, акыркы учурда кылмыштардын көбөйүшү катаал чаралардын жоктугуна байланыштуу.
“Кайра-кайра кылмыш жасаган адамдарга катаал жоопкерчилик жоктугунан кылмыштардын саны өсүүдө. Пробация, шарттуу, мөөнөтүнөн мурда бошотуу жеңилдик чаралары рецидивисттер үчүн да колдонулуп жатат. Мисалы, чөнтөк ууру он жолу кармалса, он жолу тең айыппул менен бошотулат. Ал эми биз сунуштап жаткан өзгөртүүлөрдө, бир кылмыш менен биринчи кармалган адам айыппул менен бошотулат, кийинкилеринде жоопкерчилик катаалдашат, беренеси оордошуп, реалдуу берене менен кетет”, – деди Аширходжаев.
