Чолпон-Атада катер уурдоого аракет кылгандар кармалды
16 июнь

Чолпон-Атада катер уурдоого аракет кылгандар кармалды

Чолпон-Ата шаарындагы пляж аймагында темир чынжыр менен кулпуланган Yamaha маркасындагы катер белгисиз адамдар тарабынан уурдалган. Окуя ушул жылдын 8-июнунда болгон.

Облустук милициядан кабарлашкандай, аталган факт Ысык-Көл РИИБдин КБРне катталып, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 265-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүлөр кармалган. Алар Чүй облусунун тургундары — 2003-жылы туулган С.А. жана 1993-жылы туулган Г.Е. болуп аныкталган.

Ысык-Көл райондук сотунун чечими менен шектүүлөргө карата 1 ай камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган.

Учурда тергөө амалдары уланууда.