Кыргызстандын калкынын саны өстү
Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2025-жылдын январь-июль айларында Кыргызстандын туруктуу калкы 67,9 миң адамга же 0,9 пайызга өсүп, 1-августка карата 7 млн 350 миң адамды түздү.
Президенттин Иш башкармалыгынын алдындагы «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин маалыматына ылайык, быйыл январь-июлда ЗАГС органдарында 78,3 миң наристе катталды. Бул ар бир 1000 калкка 18,4 төрөлгөндөн туура келет. Ошол эле мезгилде 19 миң адам каза болгон (1000 калкка 4,5 өлүм). Натыйжада өлкөнүн табигый өсүшү 59,3 миң адамды же 1000 калкка 13,9ду түздү.
Каза болгондордун ичинен жүрөк-кан тамыр ооруларынан өлгөндөр эң көп болуп, жалпы көрсөткүчтүн 54 пайызын түздү. Андан кийинки орунда шишик оорулары – 13 пайыз, дем алуу органдарынын оорулары жана сырткы себептерден болгон өлүмдөр – 6 пайыздан туура келди.
Бир жашка чейинки балдардын өлүмүнүн негизги себептери болуп перинаталдык мезгилде пайда болгон оорулар саналат. 2025-жылдын январь–июлунда ушундай оорулардан 606 ымыркай (66 пайыз) көз жумган. Ошондой эле туулганда пайда болгон кемтиктерден 138 наристе (15 пайыз) жана дем алуу органдарынын ооруларынан 91 бала (10 пайыз) каза болду.
