Бишкек–Кунтуу–Шопоков жолунда оңдоо иштери уланууда
23 сентябрь

Бишкек–Кунтуу–Шопоков жолунда оңдоо иштери уланууда

Бишкек–Кунтуу–Шопоков жолунда оңдоо иштери уланууда, деп билдирет Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы.

Билдирүүгө ылайык, бүгүнкү күндө жолдун 3,9-чакырымында бир тараптуу 1,5 км асфальт басылды.

Жеринде жалпы 128 кызматкер жана 60 техника иш алып барууда.

Белгилей кетсек, жолдун жалпы узундугу 12,4 чакырымды түзөт. Анын 6,7 чакырымын быйыл оңдоо мерчемделген.

Долбоордо жолду 4 тилкеге чейин кеңейтүү, тротуар куруу, жолду жарыктандыруу жана мурда кыйылган бактардын ордуна жаңы көчөттөрдү отургузуу каралган.