Адылбек Касымалиев жумуш сапары менен Өзбекстанга келди
Министрлер кабинети
16 июнь

Адылбек Касымалиев жумуш сапары менен Өзбекстанга келди

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жумуш сапары менен Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарына келди. 

Министрлер кабинетинин төрагасынын учагы “Хумо” эл аралык аэропортуна конду. 

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевди Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Ачилбай Раматов жана башка расмий кызмат адамдары тосуп алышты. 

Аэропорттун флагштокторуна Ташкент инвестициялык V эл аралык форумуна катыша турган өлкөлөрдүн мамлекеттик туулары илинип, ардактуу кароол тизилди.

Белгилей кетсек, жумуш сапарынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Ташкент инвестициялык V эл аралык форумуна катышып, пленардык жыйынында сөз сүйлөйт.

Ошондой эле, Өзбекстандын расмий жогорку кызмат адамдары менен эки тараптуу жолугушуусу өткөрүлөт жана бир катар объекттерге барат.