ЖК комитети 7-чакырылышты таратуу боюнча демилгени колдоду
23 сентябрь

ЖК комитети 7-чакырылышты таратуу боюнча демилгени колдоду

Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети парламенттин 7-чакырылышын өзүн өзү таратуу боюнча демилгени колдоого алды. 

Депутат Улан Примовдун айтымында, буга эки себеп бар. 

“Биринчиси, шайлоо жөнүндөгү жаңы мыйзамдын кабыл алынышы. Экинчиси, Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо менен КР президентин шайлоонун ортосундагы мөөнөттүн аздыгы. 

Конституция боюнча 7-чакырылыштын мөөнөтү 2026-жылдын ноябрь айында аяктамак. 

Бирок президенттик шайлоо 2027-жылдын январь айына белгиленди. Президенттик жана парламенттик шайлоо – бул эки чоң маанилүү процесс, алар саясий туруктуулукка таасирин тийгизет”, – деди ал. 

Примов белгилегендей, парламентти өзүн өзү таркатуусу боюнча демилгеге 32 депутат кошулган. Алар: Нурланбек Азыгалиев, Нурбек Сыдыгалиев, Марлен Маматалиев, Жылдыз Садырбаева, Кундузбек Сулайманов, Нилуфар Алимжанова, Улан Примов, Талайбек Масабиров, Азизбек Турсунбаев, Азамат Исираилов, Чынгыз Ажибаев, Алишер Козуев, Балбак Түлөбаев, Жанар Акаев ж.б. 

Депутат Элмурза Сатыбалдиев келерки шайлоого барбай турганын белгилеп, бул кадамын жаңыларга жол бошотуу катары түшүндүрдү. 

“Парламентти таратуунун себептерине азыркы курам эскиргенин да кошуп коюу керек. Мен шайлоого барбайм. Анткени, жаңылар келиши керек, ушул курамдан да келгендер болсун, бирок жаңыча иштешсин”, – деди ал.