Кыргызстанда 2025-жылы 84 миң ымыркай текшерүүдөн өткөрүлдү
Кыргызстанда 2025-жылы 84 миңден ашуун жаңы төрөлгөн ымыркай тубаса ооруларды аныктоо боюнча текшерүүдөн өткөрүлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.
Жүргүзүлгөн скринингдер:
- 84 216 - тубаса гипотиреозго, 10 бала аныкталды;
- 60 753 - адреногениталдык синдромго, 2 учур аныкталды;
- 49 713 - фенилкетонурияга, 3 бала аныкталды.
Жалпы жүргүзүлгөн анализдердин саны - 194 682.
Эрте диагностика дарылоону өз убагында баштоого жана ымыркайдын ден соолугун жашоосунун алгачкы күндөрүнөн тарта сактоого мүмкүндүк берет.
Өлкөдө неонаталдык скрининг системасын өнүктүрүү, клиникалык протоколдорду жаңылоо жана процесстерди санариптештирүү иштери улантылууда.
