Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катышуучуларынын жана конокторунун коопсуздугу: Октябрь Урмамбетов нускама жыйынын өткөрдү
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан мезгилде коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого тартылган бөлүмдөрдүн жетекчилерине нускама жыйынын өткөрдү.
Жыйында мелдештерге катышуучулардын, коноктордун жана туристтердин коопсуздугун мындан ары да камсыз кылуу, ошондой эле спорттук жана маданий иш-чаралар өтүп жаткан жайларда коомдук тартипти сактоо маселелери каралды.
Октябрь Урмамбетов бардык кызматтардын өз ара тыгыз жана алгылыктуу иш алып баруусун, жарандарга көңүл буруу менен мамиле кылуу жана келип чыккан кырдаалдарга ыкчам чара көрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Оюндардын катышуучуларынын жана конокторунун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иштер бардык иш-чаралар өтүп жаткан жайларда улантылууда.
Кызматкерлерге иш-чараларды өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен тапшырмалар коюлду. Өзгөчө көңүл өздүк курамдын кырдаалга ыкчам чара көрүүгө жана жарандарга зарыл жардам көрсөтүү даярдыгына бурулду.
Кызматкерлердин негизги милдети иш-чаралар өтүп жаткан жерлерде коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу, жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп кайтаруу жана оюндардын катышуучулары менен конокторуна зарыл жардам көрсөтүү.
