Кыргызстан боюнча жалпы 677 миң гектардан ашык аянтка жаздык эгин себилди
www
16 июнь

Кыргызстан боюнча жалпы 677 миң гектардан ашык аянтка жаздык эгин себилди

Үстүбүздөгү жылдын 23-майына карата республика боюнча жалпысынан 677 миң гектардан ашык аянтка жаздык эгин себилди.

Улуттук статистика комитетинен кабарлашкандай, бул өткөн жылдын тиешелүү күнүнө караганда 7 миң гектарга же 1,1 %га көп.

Өткөн жылдын ушул күнүнө карата жаздык өсүмдүктөрдүн себилген аянттарынын көбөйүшү арпанын себүү аянтынын 6,7 миң гектарга же 2,9 %га, дан үчүн жүгөрүнүн 2,4 миң гектарга же 2,5 %га, май өсүмдүктөрүнүн 1,3 миң гектарга же 11,2 %га, жашылча өсүмдүктөрүнүн 1,5 миң гектарга же 4,1 %га жана картошканын 1,3 миң гектарга же 3,0 % га көбөйүшүнүн эсебинен камсыздалды.

Жаздык эгиндердин жалпы аянтындагы эң чоң үлүш Чүй облусунун чарбаларына туура келип 33%га жакын аянтты түздү, Ош облусунун чарбаларында - 16%га жакын, Ысык-Көл облусунун чарбаларында – 14,5% жана Жалал-Абад облусун чарбаларында – 12 % дан көп.

Чүй облусунун аймагында 2026-жылдын түшүмү үчүн 95,5 миң гектар аянтка күздүк буудай себилген, бул көрсөткүч мурунку жылга салыштырмалуу 9%га көп.

Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылдын 23-майына карата айыл чарба өндүрүүчүлөрү тарабынан 94,5 миң гектар аянттагы күздүк эгиндер азыктандырылды, ошондой эле 607,9 миң гектар аянтта жазгы айдоо иштери жүргүзүлдү.