Нурдан Орунтаев Жыргалаңдагы суу менен камсыздоо объекттеринин курулушун текшерди
Курулуш министрлиги
16 июнь

Нурдан Орунтаев Жыргалаңдагы суу менен камсыздоо объекттеринин курулушун текшерди

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы “Ала-Тоо Резорт” тоо-лыжа курортунда курулуп жаткан башкы суу алуучу курулманын жана ичүүчү суу сактоочу резервуарлардын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Долбоор курорттук аймакты үзгүлтүксүз ичүүчү суу менен камсыздоого багытталган маанилүү инфраструктуралык объект болуп саналат.

Учурда башкы суу алуучу курулмада иштердин 60 пайызы, ички суу түтүк тармактарында 50 пайызы аткарылган. Ошондой эле төрт суу сактоочу резервуардын курулушунда жер казуу иштери аяктап, суу тазалоочу станциянын фундаменттери курулган.

Аймактын тоолуу шарттарына байланыштуу курулуш иштеринин айрым этаптары убактылуу токтотулган. Азыркы учурда курулуш техникасын жана материалдарды мобилизациялоо, ошондой эле объектти электр энергиясы менен камсыздоо боюнча даярдык иштери жүргүзүлүүдө.

Министр Нурдан Орунтаев курулуш иштеринин сапатын камсыз кылуу, белгиленген мөөнөттөрдү сактоо жана объектти өз убагында пайдаланууга берүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө объект боюнча курулуш-монтаж иштеринин жалпы аткарылышы 30 пайызды түзөт.