Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектүү кармалды
4 март

Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь РИИбге Р.У. аттуу жаран арыз менен кайрылып, белгисиз жаранга карата мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган. Себеби, 2026-жылдын 8-февралында белгисиз адам «Lalafo» тиркемесине батирди ижарага берүү жөнүндө жарыя жайгаштырып, арыз ээсинин ишенимине кирип, алдоо жолу менен, депозит төлөө шылтоосу аркылуу 12 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын ээлеп алган. Көрсөтүлгөн акча каражаты «Bionex» төлөм системасы аркылуу которулган. Андан соң байланышка чыкпай, өз милдеттенмелерин аткарган эмес.

Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнын 209 (Алдамчылык) беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1987-жылы туулган С.Ч., аттуу жаран аныкталып, кармалган. Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.