Муфтият: квота толду,  2026-жылдагы ажылыкка төлөм кабыл алуу токтотулду
23 сентябрь

Муфтият: квота толду, 2026-жылдагы ажылыкка төлөм кабыл алуу токтотулду

Квота толгондуктан, 2026-жылдагы ажылыкка баштапкы төлөм кабыл алуу токтотулду. Бул тууралуу "Караван инфого" муфтияттан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, ажылыкка баруу ниетин билдирген 4 миң киши 23-сентябрда жаңы каттоодон өткөн.

"Калган 2 миң киши былтыркы кезек боюнча тизмеде турган болчу. Ошентип бүгүнкү каттоодон өткөн 4 миң киши менен ажылыкка баштапкы төлөм кабыл алуу токтотулду", - деп билдиришти муфтияттан.