Жасалма документтер аркылуу унааны мыйзамсыз каттоого аракет кылган төрт жаран кармалды
Жасалма документтер аркылуу унааны мыйзамсыз каттоого аракет кылган жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 3-июлунда Президенттин иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун Сокулук-Москва райондук бөлүмүнө 1995-жылы туулган К.Д. аттуу жаран «Belgee X50» үлгүсүндөгү автоунааны мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн кайрылган. Автоунаа Кыргызстанга Казакстандан келгендиги көрсөтүлгөн.
Бирок каттоо учурунда берилген документтердин жасалма экендиги аныкталган.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 3-бөлүгү («Документтердин жасалмасын жасоо, башка кылмышты жашыруу же анын жасалышын жеңилдетүү максатында») менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө аталган автоунаа буга чейин Россия Федерациясынын аймагында мамлекеттик каттоодо турганы жана лизингде болгону аныкталган. Ошондой эле транспорт каражатына тиешелүү жасалма документтер, анын ичинде каттоо күбөлүгү, сатып алуу-сатуу келишими жана ишеним каттын бланктары даярдалып, Кыргызстандын аймагына жеткирилгени белгилүү болгон.
Мындан тышкары, автоунаага байланыштуу коштомо накладнойду мыйзамсыз даярдоо жана пайдалануу аракети да аныкталган. Аталган документте транспорт каражатынын Кыргыз Республикасынын аймагына киргизилиши, жөнөтүүчү жана мамлекеттик каттоо номери тууралуу чындыкка дал келбеген маалыматтар көрсөтүлгөн.
1995-жылы туулган К.Д. жасалма документтерди транспорт каражатын мамлекеттик каттоодон өткөрүү максатында Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун Сокулук-Москва райондук бөлүмүнө тапшырган. Бирок мамлекеттик органдын кызматкерлери документтерди текшерүү учурунда алардын жасалма белгилерин аныкташкан. Натыйжада автоунааны мамлекеттик каттоодон өткөрүү ишке ашкан эмес.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө аталган кылмышка адамдардын тобу тарабынан тиешеси бар экендиги аныкталып, кылмышка шектүү катары 1995-жылы туулган К.Д., 1990-жылы туулган К.К., 2001-жылы туулган К.И. жана 1994-жылы туулган Э.Б. аныкталган.
Жогоруда аталган жарандар Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылып, окуянын бардык жагдайларын аныктоо жана кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
