Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет. Жолдор жабылат
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 21-22-август күндөрү Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келет.
ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараны өткөрүүгө байланыштуу, коомдук тартипти сактоого жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга 3500гө жакын милиция кызматкерлери тартылат.
Ички иштер органдарынын кызматкерлери расмий иш-чараларды өткөрүү мезгилинде күчөтүлгөн тартипте кызматын өтөшөт.
Делегациянын кортежи өткөн учурларда Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым көчөлөрүндө жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет: “Манас” аэропортунан Мамлекеттик резиденцияга, андан кийин Дооронбек Садырбаев көчөсү менен Ата-Бейит мемориалдык комплексине чейин.
