Улуттук банк эскертет: алдамчылар өздөрүн банктын кызматкерлери катары тааныштырышууда
Белгисиз адамдар өздөрүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармалыктарынын жетекчилери же башка кызмат адамдары катары көрсөтүп, мессенжерлер аркылуу Улуттук банк тарабынан көзөмөлгө алынган уюмдардын кызматкерлерине билдирүүлөрдү жөнөтүшүп, «маселелер пайда болду» деген шылтоо менен «координатор» менен байланышууга чакырышат.
Андан кийин аталган «координатор» ар кандай шылтоолор менен уюмдардын купуя файлдарына жана документтерине жеткиликтүүлүк берүүнү талап кылат.
Бул — алдамчылар.
Улуттук банк сак болууга жана мындай билдирүүлөргө ишенбөөгө чакырат. Шектенүү жаралса, маалыматты расмий булактар аркылуу тактап, эч кандай шартта жеке маалыматтарды, кызматтык же башка купуя маалыматтарды бербеңиздер.
Улуттук банк кылмыш иштерине байланыштуу маселелерди чечүү боюнча кызмат көрсөтпөйт жана жарандарга же уюмдарга мындай мазмунда чалууларды жасабайт.
Улуттук банктын коомдук кабылдамасынын телефону: (312) 61-04-86
