Энергетика министри Ноокен райондук электр тармагынын имаратын ишке киргизди
Кыргыз Республикасынын энергетика министри Жалал-Абадка болгон иш-сапарынын алкагында эки имаратты ишке киргизди.
Ведомтстводон кабарлашкандай, анын бири Ноокен райондук электр тармагы ишканасынын имараты капиталдык ремонттон кийин пайдаланууга берилди.
Өткөн жылы энергетика министри ишкананын тийиштүү жетекчилине эски имаратты оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, жумушчуларга шарт түзүү тапшырмасын койгон.
Берилген тапшырмага ылайык, Ноокен райондук электр тармагынын эски имараты 2025-жылдын март айында оңдоого берилип, 8 айдын ичинде толугу менен заманбап имаратка айланды. Ишкана жалпы 130 орунга ылайыкташылган. Капиталдык ремонт “КУЭТ” АККнын өздүк каражаты тарабынан каржыланып, жалпы сметалык баасы 4.1 млн сомду түздү. Аталган имаратты оңдоп-түзөө иштерин түзүлгөн келишимге ылайык, “Көк-Таш” жоопкерчилиги чектелген коому ишке ашырды.
Маалыматка ылайык, Ноокен районун эски имараты 1960- жылы курулуп, жалпы 65 жыл колдонулуп, жараксыз абалга келген.
Жаңыланган имараттын ачылыш аземинде энергетика министри сөз сүйлөп, кесиптештерин заманбап талапка жооп берген имараттуу болушу менен куттуктап, эгерде энергетиктердин ишинде жетиштүү шарт түзүлсө, анда ар бир үйдө жарыктын туруктуулугу орун алаарын баса белгиледи.
“Бүгүн Жалал-Абаддын энергетиктери үчүн эки имаратты жаңылап, пайдаланууга берип жатабыз. Заманбап имаратта жумуш ордун түзүп, жеткиликтүү жабдуулар, атайын техникалар менен камсыздоо жетекчинин милдети. Энергетиктерде шарт болсо, анда ар бир үйдүн жылуулугу менен жарыгы өчпөй туруктуу болот. Андыктан акыркы 5 жылда энергетика тармагын өнүктүрүү, жаңылоо боюнча баардык аракеттерди көрүп жатабыз. Мындан ары дагы көп ийгиликтерди баарыбыз биргеликте багындырабыз. Ал үчүн эл алдында жоопкерчилик менен иш алып баралы. Элдин жарыгы өчпөсө, экономика өнүксө демек биздин жетишкендик деп билебиз”, – деди министр.
Сөзүн улай министр калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылууда, авариялык учурларда ыкчам калыбына келтирүүдө энергетиктер үчүн “JAG” үлгүсүндөгү атайын техниканын ачкычын тапшырды.
