www
16 июнь
Бишкекте Аалы Токомбаев жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилиши убактылуу жабылат
Бишкек шаарында жол оңдоо иштерине байланыштуу Аалы Токомбаев жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде автотранспорт каражаттарынын кыймылы толугу менен убактылуу токтотулат.
Мэриядан кабарлашкандай, бул убактылуу чектөө 2026-жылдын 17-июнунан 18-июнуна чейин күчүндө болот.
Муниципалитет убактылуу жаралган ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле жасап, жүрүү багытыңыздарды алдын ала пландаштырууну жана айланма жолдорду пайдаланууну өтүнөт.
