Ош шаарындагы Касымбеков көчөсү 6 тилкелүү болот
23 сентябрь

Ош шаарындагы Касымбеков көчөсү 6 тилкелүү болот

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев бүгүн таңкы рейддик кыдыруусун саат 06:30дан баштап, Касымбеков көчөсүн кеңейтүү жана капиталдык оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшүн көрүү менен баштады.

Мында жолду кеңейтүүгө тоскоол болгон курулуштарды жылдыруу менен алты тилкелүү, веложолу, тротуару, ирригациялык лотоктору, жашыл аймагы менен кошо эл аралык талапка жооп берген жолду куруу зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле жолдун курулушун белгиленген мөөнөттө сапаттуу бүткөрүүнү тапшырды.