Токмок жана Кайыңды багытындагы поезддерди кондиционер жана ыңгайлуу отургучтар менен жабдуу пландалууда
Токмок жана Кайыңды багытындагы поезддерди кондиционер жана ыңгайлуу отургучтар менен жабдуу пландалууда. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун биринчи орун басары Роман Спасский Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди.
Анын айтымында, кыска каттамдарда салттуу плацкарт жана купе вагондору жүргүнчүлөрдү ташуунун өзгөчөлүгүнө ылайык келбейт. Анткени жол жүрүү убактысы болжол менен 1,5–2 саатты түзөт.
Ушуга байланыштуу ишкана акырындык менен уктоочу орундардан баш тартып, алардын ордуна ыңгайлуу жүргүнчү отургучтарын орнотууда.
Ошондой эле мындай поезддердин курамына кондиционер системаларын иштетүүчү дизель-генераторлору бар вагондорду кошуу мүмкүнчүлүгү каралууда.
Ушундай система учурда Балыкчы багытында каттаган поездде колдонулууда. Ишкана өзү иштеп чыккан вагон-дизель-генератор 16 вагонду электр энергиясы менен камсыздайт.
Спасскийдин айтымында, генератордун жардамы менен кондиционерлер, телевизорлор, муздаткычтар, кофе машиналары жана башка жабдуулар иштейт.
Ал жүргүнчүлөрдү ташууда компаниянын негизги милдеттери коопсуздук жана ыңгайлуулук экенин белгиледи.
