сүрөт жасалма интеллекттин жардамы менен жасалды
13 август
«Кыргызкөмүр» кампаларда калкка көмүр сатууну баштады
«Кыргызкөмүр» кампаларда калкка көмүр сатууну баштады.
Ишканадан кабарлашкандай, бүгүнкү күндө аймактарга көмүр жеткирүү иштери активдүү жүрүп жатат. Анын алкагында Бишкек шаарына — 1 000 тонна, Чүй облусуна — 2 000 тонна, Ысык-Көл облусуна — 1 500 тонна көмүр жеткирилди.
Көмүр монополияга каршы жөнгө салуу органы белгилеген баада сатылууда.
Ал эми Кара-Кечеде акыркы бир жуманын ичинде 6 000 тонна көмүр өндүрүлүп, жөнөтүлдү.
Бүгүн «Кыргызкөмүрдүн» жетекчиси Рустамбек Садыралиев көмүр алууга келген алгачкы кардарларга баалуу белектерди тапшырды. Ошондой эле көмүр кампасынын ээсине да белек берилди.
