Президент жеке менчик автомектептердин жабылышы боюнча түшүндүрмө берди
28 январь

Президент жеке менчик автомектептердин жабылышы боюнча түшүндүрмө берди

Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде автомектептерди мамлекеттик башкарууга өткөрүү чечимин коррупциялык схемаларды токтотуу жана айдоочуларды даярдоонун сапатын жогорулатуу зарылдыгы менен түшүндүрдү. 

"Бул тармакты иреттегиле деп тапшырма бергем. Реформалоо иштери жүрүп жатат. Союз тарагандан бери айдоочуларды даярдоо жана унаа каттоо тармагында олуттуу реформа жүргүзүлгөн эмес экен. Бул система алгач ИИМдин, кийин Каттоо кызматынын карамагында болду. Бирок, орган кимге карабасын, тилекке каршы, тармак толугу менен коррупцияга батып калган. Канча жетекчи алмашса да, ачыгын айтканда, дээрлик баары коррупциялык схемаларга аралашкан.

Биз реформаны баштаганда эң биринчи мамлекеттик номерлерди, айдоочулук күбөлүктөрдү жана техпаспортторду өзүбүз чыгара баштадык. Буга чейин мунун баарын башка өлкөлөрдөн сатып алчубуз. Ошондо дагы “ай колуңардан келбейт” деп сын айткандар болгон, бирок ишке ашырдык. Азыр бардык маалыматтар бирдиктүү базага киргизилип, система толугу менен санариптештирилди. Көп иштер аткарылды. Эми бул чынжырда автомектептер гана калды". 

Жапаровдун айтымында, жеке автомектептердин басымдуу бөлүгү айдоочуну сапаттуу даярдоого кызыкдар болгон эмес. 

"Алардын негизги максаты — акча табуу. Жарандарыбыз автомектептерге документин тапшырып коюп эле, убактысы келгенде окуду деген сертификатка ээ болуп, андан ары “Унаага” барып, экзаменден өтпөсө деле айдоочулук күбөлүк алып жүрүшкөн.

Бул жерде айдоочулук күбөлүктү берген “Унаа” мамлекеттик мекемеси менен биргеликте коррупциялык схемалар иштеген. Мурда билесиздер, айдоочулук күбөлүктү алуудагы практикалык сыноолордон, теориялык экзаменден эч ким кулабай эле оңой алышчу. Себеби, жең ичинен акча берип сатып алып жүрүшкөн. Азыр “Унаа” мамлекеттик ишканасын иреттеп, катуу көзөмөлгө алдык эле, жеке автомектептердин бүтүрүүчүлөрү келип бир нече жолу экзамен тапшырып өтө албай жүрүшөт. Алды 10-15 жолудан тапшырып, кайра кулаган фактылар бар. Эмне себептен? Себеби, жетиштүү билим берип үйрөткөн эмес, кызыкдар дагы эмес болушкан. Жеке автомектептерге кардарлардын көп болушу гана маанилүү болгон. Азыр арабызда, колунда айдоочулук күбөлүгү бар, бирок унаа башкара албаган, “унаа алсам үйрөнүп кетем” деп жүргөн жаштарыбыз толтура". 

Президент Кыргызстанда жол кырсыгынан жылына 900дөн ашык адам каза болорун, айрым жылдары бул көрсөткүч миңден да ашып кетүүдө.

"Бул өтө чоң кайгы. Согушта да мынчалык адам курман болбойт. Ал эми биз жол кырсыктарынан эле жүздөгөн адамдарды жоготуп алып жатабыз. Ошол кырсыктардын негизги себептеринин бири — айдоочулукка даярдоодогу коррупция, күбөлүктү сатып алуу, сапатсыз билим берүү, жоопкерчиликсиз мамиле. Бул фактыларды моюнга алышыбыз керек". 

Садыр Жапаров мамлекеттик автомектептерде керектүү шарттар түзүлгөндүгүн билдирди. 

 "Заманбап окуу базасы, жаңыланган техника, квалификациялуу адистер болот. Окуу китептерин дагы өзүбүз басып чыгарып жатабыз. Айдоочулар жөн гана рулду башкарууну эмес, унаанын тетиктеринен тартып, техникалык түшүнүккө, жол эрежелерине жана эң негизгиси — жолдо жүрүү маданиятына чейин толук даярдыктан өтөт. Бул жерде киреше эмес, адам өмүрү биринчи орунда турат. Мамлекет үчүн эң башкысы — жарандардын коопсуздугу". 

Президент ушул жылдын сентябрь айынан баштап мектептерде жол эрежесин окутуу боюнча сабак кире тургандыгын кошумчалады.

"Балдар-кыздарыбыз жол эрежелерин, жоопкерчиликти мектептен эле үйрөнүп чыгышат. Эмдиги жылдан баштап мектепти бүтүп чыккан балдар-кыздар бир күн дагы окубай туруп, түз эле экзамен тапшырганы барып, өтүп кетсе айдоочулук күбөлүк ала беришет. Азыркы ачылып жаткан мамлекеттик мектептер буга чейинки мектеп жашынан өтүп кеткендерди окутуп, айдоочулук күбөлүк берет.

Ошондуктан жалпы элге айтаарым, анча мынча жеке кызыкчылыктары үчүн элди дүрбөткүсү келип жаткандарга кошулбагыла. Бир аз убакыттан кийин баары түз жана даңгыр жолго салынып кетет. Убакыт керек".