Көкүлов министр Орунтаевге: Мектептердин чатырлары кулап жатат, а сиз күлүп отурасыз
Бүгүн, 28-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акылбек Түмөнбаев курулуш министри Нурдан Орунтаевдин министрликтеги айлык акылар боюнча билдирүүсүн тактоо максатында аны парламент жыйынына чакырууну сунуштаган болчу.
Түштөн кийин министр парламент жыйынына келди, бирок депутат айткан маселе боюнча эмес, Министрлер Кабинети тарабынан сунушталып жаткан мыйзам долбоору боюнча.
Депутаттардын министрге берчү суроосу көп экени байкалды. Бирок спикер Нурланбек Тургунбек уулу аларды токтотууга аракеттенди.
“Мыйзам долбоорунун тегерегинде гана суроо бергиле, андан сырткары суроо берилсе, микрофонуңарды өчүрөм. Орунтаев мырзаны көрүп эле баштабагыла. Айтылган маселелер боюнча аны өзүнчө чакырабыз. Биз ушуга үйрөнүшүбүз керек”, – деди төрага.
Депутат Эрулан Көкүловго Орунтаевдин жылмайып отурганы жакпады.
“Министрди шайлап атсак да “суроо бербей кетиргиле” дейсиңер. Кабинетине барсак, бул кишилер бизди кабыл албайт. Биз менен сүйлөшкөндөрү такыр башкача. Азыр деле жылмайып отурбайбы. Орунтаев мырза, сиздин ордуңузда болгонумда мен күлүп отурмак эмесмин, мектептердин чатырлары кулап жатат. Биз буларга суроо берип, жооп албасак, мектептердин чатыры кулагандан кулай берет. Эл үчүн бирдеме жасайбызбы же кнопка басып, добуш берип отура беребизби?” – деди Көкүлов.
Спикер суроо берүү үчүн комитеттин жыйыны бар экенин эске салды эле, депутат ал жакта деле ушундай көрүнүш экенин айтты.
“Акыл үйрөткөндөй болбойун, бирок урматтуу депутаттар, унутпагыла, биз – эл өкүлүбүз”, – деп кошумчалады.
