Расмий чечим! Мамлекеттик автомектептерде окутуунун баасы 19 миң сом болот
Мамлекеттик автомектептерде окутуунун баасы 19 миң сом болот. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.
Анын айтымына караганда, автомектептер жана айдоочулук күбөлүктөр боюнча акыркы күндөрү коомчулукта көп талаш-тартыштар болуп жатат.
"Буга чейин иштеп келген айрым жеке автомектептердин өкүлдөрү интернет аркылуу каршылык көрсөтүп, так эмес маалыматтарды таратып жатышкан. Ошол эле каршылык кампаниясын уюштуруп жаткандар “айдоочулукка окутуунун баасы 100 миң сом имиш, 200 миң сом болот экен” деген ушактарды таратып келишти. Бул маалыматтар чындыкка дал келбейт. Азыр эле окутуунун баасы боюнча 19 миң сом болуп расмий чечим кабыл алынды", – деп, ал эми практика учурундагы күйүүчү май сыяктуу чыгымдарды окуучулар өздөрү көтөрө тургандыктарын кошумчалады.
Орунбеков бул мурдагы жеке автомектептердеги бааларга салыштырмалуу бир топ арзан экендигин айтты.
"Жеке автомектептерде окуунун жана практикалардын баасы биригип 35-36 миң сомдун тегереги болчу экен", – деди ал.
