«Кыргызалтын» биринчи жолу Монголиядан алтын камтыган чет элдик чийки затты иштетти
16 июнь

«Кыргызалтын» биринчи жолу Монголиядан алтын камтыган чет элдик чийки затты иштетти

«Кыргызалтын» ААКы Монголиянын Борбордук банкы тарабынан жөнөтүлгөн Доре куймасы түрүндөгү алтын камтыган чийки затты «Аффинаж заводу» филиалында кайра иштетүү боюнча биргелешкен долбоорду ийгиликтүү ишке ашырды. Бул тууралуу аталган компаниядан кабарлашты.

Бул долбоор Кыргызстандын эгемендүүлүк тарыхында өлкө аймагында чет өлкөлүк Доре куймасын кайра иштетүү боюнча алгачкы болуп, ошондой эле баалуу металлдар тармагындагы кыргыз-монгол кызматташтыгын өнүктүрүүдөгү маанилүү этап болуп калды.

Долбоордун ийгиликтүү ишке ашырылышы «Кыргызалтын» ААКтын заманбап өндүрүштүк кубаттуулуктарга, зарыл технологиялык мүмкүнчүлүктөргө жана эл аралык абройго ээ экендигин дагы бир жолу тастыктап, чет өлкөлүк өнөктөштөргө чийки затты кайра иштетүү жана 999,9 сапаттагы жогорку продукцияны чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүгө жөндөмдүү экенин көрсөттү.

Бул долбоордун алкагында «Good Delivery» статусуна ээ болгон даяр продукцияны дүйнөлүк биржада сатуудан түшкөн жалпы суммасы 12 млн АКШ долларынан ашты.

«Кыргызалтын» ААК эл аралык LBMA (Good Delivery) аккредитациясына ээ. Бул аккредитация ишканада өндүрүлгөн алтындын сапатынын жана анын келип чыгышын көзөмөлдөө системасынын эң жогорку эл аралык талаптарга жооп берерин ырастайт. Мунун аркасында ишкана баалуу металлдардын дүйнөлүк рыногунда Европанын алдыңкы аффинаж заводдору менен тең иш алып барып, эл аралык комплаенс талаптарын сактоодо.

Өндүрүлгөн продукциянын сапат жана жоопкерчиликтүү камсыздоо стандарттарын камтыган эл аралык рыноктун талаптарына шайкештиги анын борбордук жана коммерциялык банктар, каржы институттары жана баалуу металлдардын ири трейдерлери тарабынан таанылышын камсыздап, ошондой эле дүйнөлүк рынокто эл аралык баалар боюнча сатылышына мүмкүнчүлүк түзөт.

Долбоорду ишке ашырууда «Кыргызалтын» ААКтын Борбордук илимий-изилдөө лабораториясы (БИИЛ) өзгөчө маанилүү роль ойнойт. Комплекс баалуу металлдарды эл аралык стандарттарга жана LBMAнын лабораториялар аралык салыштырма сыноолорунун талаптарына ылайык талдап, ата мекендик адистердин жогорку кесипкөйлүгүн дагы бир жолу тастыктоодо.