Жайыл баатыр көчөсүнүн Чортеков көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейинки бөлүгү жарыктандырылды
22 октябрь

Жайыл баатыр көчөсүнүн Чортеков көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейинки бөлүгү жарыктандырылды

"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы көп жылдар бою жарыктандырылбаган Жайыл баатыр көчөсүн Чортеков көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейинки бөлүгүнө жарык орнотууну аяктады. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөщ кызматынан кабарлашты. 

Буга чейин бул тилке өзгөчө түнкүсүн айдоочулар жана жөө жүргүнчүлөр үчүн кооптуу шарттарды түзүп, жарыктын жоктугунан жол кырсыктарынын көбөйүү коркунучу менен белгилүү болгон.

Жол негизделгенден бери биринчи жолу бул жерде 77 темир  мамы  орнотулуп, кубаттуулугу 200 Вт  болгон 154 даана чырак күйгүзүлдү. Ошондой эле 4000 метрден ашык кабель тартылган.

Жайыл баатыр жолунун узундугу Чортоков көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейин 2,8 км.