Кыргызстанда алдамчылык фактылар көбөйдү. ИИМ жарандарды сак болууга чакырды
Акыркы жылдары өлкө аймагында алдамчылык фактыларынын көбөйүшү байкалууда. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө айтылат.
Маалыматка ылайык, айрыкча жарандардын ишенимине кирип, телефон чалуулар, социалдык тармактар жана мессенджерлер аркылуу алдоо жолу менен акча каражаттарын мыйзамсыз ээлеп алган учурлар катталууда.
Алдамчылар өздөрүн банк кызматкери, укук коргоо органдарынын өкүлү же жакыныңыз катары тааныштырып, ар кандай шылтоолор менен акча каражаттарын же жеке маалыматтарды талап кылышат. Көпчүлүк учурда алар жарандардын банктык карталарынын реквизиттерин, SMS аркылуу келген бир жолку сыр сөздөрдү сурап, эсептерден акча каражаттарын которууга аракеттенишет.
Ошондой эле ар кандай шектүү шилтемелерди жөнөтүп, жарандардын жеке маалыматтарын мыйзамсыз алуу аракетин көрүшөт.
Мындан тышкары, айрым учурларда «сый акы» сунуштап, банктык картаңызды убактылуу пайдаланууга берүүңүздү (дроппер болууну) суранышат. Мындай аракеттер мыйзамсыз болуп саналат жана кылмыш жоопкерчилигине алып келет.
