Бишкек – Ош унаа жолуна кар көчкү түштү
28 январь

Бишкек – Ош унаа жолуна кар көчкү түштү

Бишкек – Ош унаа жолунун 247+500-чакырымына кар көчкү түштү. Окуя бүгүн, 28 январда, болжол менен саат 12:20 чамасында катталган.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, учурда каттам убактылуу эки тараптуу жабык.

№ 23 жол тейлɵɵ ишканасы тарабынан жерине ыкчам түрдɵ керектүү техникалар тартылып, тазалоо иштери жүрүп жатат.

Кошумча маалымат берилет.