“Менин тилим – менин душманым”. Депутаттар Нурдан Орунтаевдин 500 миң сом айлыгын талкуулашат
28 январь

“Менин тилим – менин душманым”. Депутаттар Нурдан Орунтаевдин 500 миң сом айлыгын талкуулашат

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигиндеги жогорку айлыктардын чоо-жайын билүүгө кызыкты. 

Эске салсак, аталган министрликтин жетекчиси Нурдан Орунтаев министрликтеги маяна 150 миң сомдон башталып, айрым департаменттерде 500 миң сомго чейин жетерин билдирген болчу. 

“Орунтаев жакында 500 миң айлык алабыз деп соцтармактарга чыгып, бул коомчулукта талкууга алынды. Эмнеге дегенде, азыр курулушчуларга лицензия ж.б. ар кандай милдеттерди чаптап, курулуш компанияларына чыгаша келтирүүлөр көп болуп жатат. Ошо чыгашалардын баары министрликтегилерге жогорку айлык акы болуп берип жатат дегендей сөздөр айтылууда”, – деди депутат. 

Ал кийинки жумаларда Нурдан Орунтаевди Жогорку Кеңешке чакырып, 500 миңдик айлык акы кайдан келип жатканын билүүнү сунуштады. 

“Курулуш министрлигинин курулуш компанияларына салган ар кандай “салыгы” карапайым элдин – ошол үйлөрдү сатып алуучулардын моюнуна түшүп жатат. Чарчы метринин кымбаттап жатканы да ошондон болушу мүмкүн. Мугалим, медиктер 30-40-50 миң айлык алып жаткан чакта, Орунтаев 500 миңин айтып мактанууда”, – деди депутат.