www
16 июнь
Кыргызстанда жыл башынан бери 426 чакырым жол асфальтталды
Кыргызстанда 2026-жылдын башынан бери 426 чакырым жол асфальтталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, бул жылдын көрсөткүчү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 234 чакырымга көп.
Белгилей кетсек, 2025-жылдын июнь айына карата өлкө боюнча 191,5 чакырым жол асфальтталган.
Учурда транспорттук-логистикалык потенциалды жогорулатуу, жол коопсуздугун камсыздоо жана аймактардын инфраструктурасын жакшыртуу максатында жол куруу жана реконструкциялоо иштери өлкө боюнча үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
Жол курулушу жана оңдоо иштери министрликтин көзөмөлүндө уланууда.
