Саламаттык сактоо министрлигинде санитардык-эпидемиологиялык бакубаттуулук маселелери боюнча жыйын өттү
27 март

Саламаттык сактоо министрлигинде санитардык-эпидемиологиялык бакубаттуулук маселелери боюнча жыйын өттү

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде саламаттык сактоо министринин орун басары, Кыргыз Республикасынын Башкы мамлекеттик санитардык дарыгери Гульбара Ишенапысованын төрагалыгы алдында жыйын өткөрүлдү. Жыйынга республикалык жана аймактык коомдук саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубаттуулугунун негизги маселелери каралып, алдыдагы мезгилге карата иштин артыкчылыктуу багыттары аныкталды.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча коомдук саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерине төмөнкүдөй тапшырмалар берилди:

  • алдыдагы эпидемиялык мезгилге карата КРВИ жана сасык тумоо боюнча оорулардын божомолун даярдоо, ошондой эле калкты сасык тумоого каршы эмдөөнүн натыйжалуулугун баалоо;
  • кызамыкка каршы профилактикалык чараларды күчөтүү, эпидемиологиялык кырдаалды туруктуу көзөмөлдөө жана кошумча тазалоочу эмдөө иштерин улантуу;
  • кене энцефалитинин алдын алуу боюнча кошумча чараларды көрүү, анын ичинде калк арасында түшүндүрүү иштерин активдештирүү жана медициналык уюмдардын даярдыгын камсыз кылуу;
  • «Өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагында санариптик санитардык китепчени иштеп чыгуу жана киргизүүнү белгиленген мөөнөттө камсыз кылуу;
  • «Дени сак адам – өнүккөн өлкө» мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында коомдук саламаттык сактоо кызматын өркүндөтүү, анын натыйжалуулугун жогорулатуу жана башкаруунун заманбап ыкмаларын киргизүү боюнча сунуштарды берүү;
  • менчигинин түрүнө карабастан бардык саламаттык сактоо уюмдарында инфекциялык көзөмөлдү күчөтүү, парентералдык инфекциялардын алдын алуу;
  • калктын сергек жашоо образына болгон жоопкерчилигин жогорулатуу жана жеке гигиена эрежелерин сактоо боюнча иштерди активдештирүү, анын ичинде «Таза кол – таза суу – таза айлана-чөйрө» маалыматтык-түшүндүрүү кампаниясынын алкагында.

Жыйындын соңунда саламаттык сактоо министринин орун басары Гульбара Ишенапысова ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү күчөтүүнүн, эпидемиологиялык коркунучтарга ыкчам жооп кайтаруунун жана жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алууда системалуу ыкманы киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.