Кыргызстанда европалык Code 95 сертификатын алуу боюнча окутуу программасы ишке киргизилет
4 июнь

Кыргызстанда европалык Code 95 сертификатын алуу боюнча окутуу программасы ишке киргизилет

КР Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун директору Тынычбек Саидовдун жетекчилиги алдында айдоочуларды эл аралык Code 95 квалификациясына окутуу программасын ишке киргизүү маселеси боюнча ведомстволор аралык жыйын өттү.

Жыйынга Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун жана Мамлекеттик борбордун өкүлдөрү катышты. Тараптар Кыргызстанда Code 95 стандарты боюнча окутууну уюштуруу жана долбоорду ишке ашыруу механизмдерин талкуулашты.

Белгилей кетсек, долбоор жарандардын кайрылууларынын негизинде жана КР Президентинин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин тапшырмасы менен демилгеленген. Алдын ала жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстанда европалык кесиптик айдоочунун Code 95 сертификатын алуу үчүн окутуу программасын ишке киргизүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Окутуу лицензияланган европалык компаниянын катышуусунда жүргүзүлөт. Бул программа кыргызстандык айдоочуларга Европа өлкөлөрүндө талап кылынган Code 95 сертификатын алуу мүмкүнчүлүгүн түзүп, алардын эл аралык эмгек рыногундагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатат.