Ошто күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды
11 январь

Ошто күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды, деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 11-январда саат 10:52де катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.

Жердин силкинүүсү Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Ачык-Суу айылында 2,5 баллга (Ачык-Суу айылынан 28 чакырым түштүк чыгышта, Сары-Могол айылынан 32 чакырым түштүк батышта, Ош шаарынан 128 чакырым түштүктө) чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.