Бишкекте коомдук транспортто балдар арабасы үчүн жол акысы алынып салышы мүмкүн
Бишкек шаарынын мэри «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын директору Талант Капаров менен кеңешме өткөрдү. Анда жол акыны накталай эмес төлөө системасын киргизүүнүн жыйынтыктары жана коомдук транспорттун ишин мындан ары өнүктүрүүгө багытталган иш-чаралар талкууланып, тиешелүү тапшырмалар берилди.
Кеңешменин жүрүшүндө шаар мэри коомдук транспортто балдар арабасы үчүн жол акысын төлөөдөн бошотуу мүмкүнчүлүгүн кароону тапшырды.
«Балдар арабасы менен коомдук транспортко түшкөн ата-энелер араба үчүн жол акысын төлөбөгөндөй шарт түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу зарыл. Колдонуудагы жоболорго өзгөртүү киргизилгенге чейин бул демилгени ишке ашыруунун механизмдерин иштеп чыгып, аны бир айлык пилоттук режимде ишке киргизгиле. Бул аралыкта калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, пилоттук долбоордун жыйынтыктарын талдап чыгып, андан соң Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна киргизүү үчүн тиешелүү чечимдердин долбоорун даярдагыла», – деп тапшырма берди калаа башчысы.
Ошондой эле «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын директору жол акыны накталай эмес төлөө системасы оң жыйынтыктарды берип жатканын маалымдады. Бүгүнкү күндө жүргүнчүлөр үчүн жол акысын төлөөнүн 11 ыкмасы жеткиликтүү болууда. Накталай эмес төлөмдөргө өтүү, каржы каражаттарынын келип түшүүсүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылууда.
2026-жылдын 7-июлунда катталган транзакциялардын саны 735 миңди түзгөн. Ушул системаны киргизүүнүн натыйжасында шаардык бюджетке күн сайын болжол менен 1 миллион сом кошумча түшүүдө.
Мындан тышкары, контролёрлор жол акынын төлөнүшүн текшерүү боюнча рейддик иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүп жатышканы белгиленди.
Ишкананын жетекчиси түнкү каттамдар жүргүнчүлөрдүн оң пикирин жаратып жатканын билдирди. Учурда түнкү каттамдарда күнүнө орточо 2 134 транзакция катталууда. Шаар тургундарынын айтымында, түнкү каттамдардын ишке киргизилиши шаар ичинде ыңгайлуу жүрүүгө жана каражатты үнөмдөөгө шарт түзүүдө.
