Кыргызстан менен Европа мамлекеттеринин ортосундагы алакаларды арттыруу маселеси талкууланды
Жогорку Кеңеш
4 июнь

Кыргызстан менен Европа мамлекеттеринин ортосундагы алакаларды арттыруу маселеси талкууланды

Бүгүн, 4-июнда Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын (ЕКПА) Кыргыз Республикасы боюнча баяндамачысы Мариетта Караманлини кабыл алды. 

Жолугушууда Кыргызстан менен Европа мамлекеттеринин ортосундагы алакаларды арттыруу маселеси талкууланып, Жогорку Кеңеш менен Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын кызматташтыгын кеңейтүү жаатындагы сунуш-пикирлер айтылды.

Төрага Марлен Маматалиев Кыргызстан Европа Кеңеши менен калыптанган кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө кызыкдар экендигин белгилеп: «Мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө менен туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу багытындагы саясий жана институционалдык реформалар жүрүп жаткан учурда Сиздин бул иш сапарыңыз өзгөчө мааниге ээ», – деди. 

Муну менен катар Жогорку Кеңеш 2014-жылдан бери Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясында «Демократия үчүн өнөктөш» макамына ээ экенин белгилеген Марлен Маматалиев кыргыз парламентиндеги соңку жаңыланууларга токтолду. 

«Учурда депутаттарыбыздын үчтөн бир бөлүгүнөн көбүн айым эл өкүлдөрү түзүп, бул дүйнөлүк коомчулук тарабынан да жогору бааланууда. Ошондой эле парламентти санариптештирүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, мыйзам чыгаруу жана документ жүгүртүү иши толугу менен электрондук форматка өткөрүлдү. Андан сырткары, шайлоочулар менен байланыш жакшырып, санариптештирилген заманбап коомдук кабылдама ишке берилди», – деди Төрага.  

Өз кезегинде Мариетта Караманли Европа Кеңеши да кыргыз парламенти менен кызматташууга өзгөчө көңүл буруп жатканын белгилеп, эки тараптуу алакаларды арттырууга багытталган иш-чаралар, жолугушуулар активдүү уюштурулуп жатканына токтолду.

Ошону менен катар айрым кызыккан суроолорун узатып, аларды өз баяндамасында камтып кете тургандыгын билдирди.

Тагыраагы тараптар шайлоо жараяндарын жакшыртуу, сот тутумун реформалоо, парламенттин ачык-айкындуулугун өнүктүрүү өңдүү айрым маселелер боюнча пикир алмашып, маданий-гуманитардык алакалар тууралуу да сөз кылышты.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы