Бишкекте тротуар курууга тоскоол болгон объекттер демонтаждалды
10 октябрь

Бишкекте тротуар курууга тоскоол болгон объекттер демонтаждалды

Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы шаардын инфраструктурасын жакшыртуу долбоорунун алкагында Гоголь көчөсүн бойлото (Түгөлбай ата көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейин) туурасы 3 метрлик тротуар курууга тоскоол болгон бир нече объектилерди демонтаждоо иштерин аяктады.

Ошентип, төмөнкү объекттер демонтаждалган:
-15 темир тосмо, жалпы узундугу 276 метр;
-1 тепкич;
-92 чарчы метр аянтты түзгөн 9 чатыр;
-1 контейнер;
-1 шлагбаум.

Мындан тышкары, 9-кичирайондогу Саманчин көчөсүн бойлой Байтик баатыр көчөсүнөн Малдыбаев көчөсүнө чейин тротуар куруу иштери башталды.

Буга байланыштуу жеңил типтеги объекттер жайгашкан жер тилкелери боюнча бардык ижара келишимдери жокко чыгарылды.

Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан объектилердин ээлерине 30дан ашык билдирүүлөр жөнөтүлүп, андан кийин 22 жеңил объект өз ыктыяры менен демонтаждалып, 4 объект башкармалык  тарабынан алынып, 2 объектинин ээлери демонтаждоо иштерин бүтүрүү үчүн атайын техниканы күтүп жатышат.

Мындан тышкары, күркө ээсине объектти өз ыктыяры менен демонтаждоону талап кылган доо кат берилген.