Казакстандан ташылып келаткан коон Кыргызстанга киргизилген жок
www
9 июль

Казакстандан ташылып келаткан коон Кыргызстанга киргизилген жок

Казакстандан ташылып келаткан коон Кыргызстанга киргизилген жок. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба министрлигинен кабарлашты.

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинен билдиришкендей, 1700 кг коонду Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүүдө карантиндик фитосанитардык талаптардын бузулушу аныкталган.

Фитосанитардык тобокелдиги жогору карантинге алынган продукциянын партиясына фитосанитардык сертификат жоктугуна байланыштуу, жүк жөнөтүүчүгө кайра кайтарылган.