Ош ОИИБ: Социалдык тармактарда экстремисттик материалдарды тараткан жарандын аракетине бөгөт коюду
28 январь

Ош ОИИБ: Социалдык тармактарда экстремисттик материалдарды тараткан жарандын аракетине бөгөт коюду

Кара-Суу РИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш чаралардын натыйжасында Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга тыюу салынган экстремисттик материалдарды социалдык тармактар аркылуу таратып жүргөн жаран аныкталды.

Соттук лингивистикалык экспертизанын корутундусуна ылайык, ал социалдык тармакта колдонуп жүргөн баракчасы аркылуу ачык түрдө “ИГИЛ” экстремисттик-террордук уюмуна таандык болгон материалдарды жайылткандыгы аныкталган.

Чогултулган материалдын жана экспертизанын корутундусуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин негизинде (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары 2002-жылы туулган Х.уулу Р. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда кылмыш ишине тиешеси бар башка атуулдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө амалдары уланууда.