www
9 июль
Түштүк магистралдын Шопоковго чейинки бөлүгүн узартуу августтун аягына чейин бүткөрүлөт
8-июлда Чүй облусунун Шопоков шаарында Түштүк магистралын Шопоков шаарына чейин узартуу боюнча жол тилкесинин курулушунун жүрүшү текшерилди.
Курулуш иштери президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде жүргүзүлүүдө.
Долбоорду ушул жылдын август айынын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.
Жеринде жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө курулуш иштеринин ыргагын жогорулатып, сапатын жогорку деңгээлде камсыз кылуу зарылдыгы белгиленди.
Бул долбоордун ишке ашырылышы транспорттук байланышты жакшыртып, учурдагы жол тармагына түшкөн жүктү азайтууга, ошондой эле Чүй облусунун тургундары үчүн кыйла ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүүгө өбөлгө болот.
